Апасынын жумушуна келген. Милиция Чым-Коргондогу ооруканадан качкан бейтапты тапты

© AFP / MARK WILSONКолуна кишен салынган адам. Архив
Колуна кишен салынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан беш күн мурда психиатриялык ооруканадан 20 жаштагы бейтап качып кеткен болчу.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканадан качып кеткен бейтап табылды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ленин чокусунда жоголуп кеткен Россия жаранынын куржуну табылды
Белгилей кетсек, 26-июлда аталган ооруканада дарыланып жаткан 20 жаштагы жигит качып кеткен. Чүй облустук милициясы бейтап 2018-жылы соттун чечими менен Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага милдеттүү дарылануу үчүн жиберилгенин билдирген.

"Бейтап Милянфан айылынан апасынын жумушуна келгенде кармалган. Ал буга чейин уурулук кылганы үчүн соттолуп, илдетинен улам дарылануу үчүн аталган ооруканага жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Байтаптын ооруканага кайтарылганы кабарланды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0