Бишкектин четинде автоунаа чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео

© Фото / Назгуль ИсаковаАвто провалилось в яму в Манас айылы
Авто провалилось в яму в Манас айылы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча автоунааны эвакуатор менен дагы чыгара албай жатышат.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Манас айылында Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаа казылган чуңкурга түшүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине көлүктүн айдоочусу Назгүл Исакова билдирди.

Анын айтымында, окуя 30-июнь күнү саат 21:30да болгон. 

© Фото / Назгуль ИсаковаБишкектин четиндеги Манас айылында Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаа казылган чуңкурга түшүп кетти
Бишкектин четинде автоунаа чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин четиндеги Манас айылында Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаа казылган чуңкурга түшүп кетти

"Унаамды айдап бара жаткам. Маңдайдан чыккан машинанын жарыгы көздү уялтканда жолдо казылган чуңкурду көрбөй калдым. Бул чуңкурду ким жана эмнеге казып койгонун билбейм. Аңдын тереңдиги бир жарым метрдей. Коопсуздук жаздыгы болгондуктан жана саатына 20 чакырым менен келе жаткандыктан жабыркаган жокмун", — деди Исакова.

© Фото / Назгуль ИсаковаОкуя 30-июнь күнү саат 21:30да болгон
Бишкектин четинде автоунаа чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео - Sputnik Кыргызстан
Окуя 30-июнь күнү саат 21:30да болгон

Анын айтымында, кийинчерээк милиция кызматкерлери келген. Окуя болгон жерге эвакуатор чакыртылган. Бирок ал дагы чуңкурга түшкөн автоунааны чыгара албай жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0