01:22 24 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.3486
  • EUR92.8656
  • RUB1.0392
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
189 0 0

Вице-премьер өкмөт тарабынан 2017-2020-жылдарга карата Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программа ишке ашырылып жатканын айтты.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү — мамлекеттик саясаттын кылмыштуулукка каршы күрөшкө багытталган артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылышында айтканын өкмөттөн кабарлашты.

Өмүрбекова өткөрүлгөн иш-чаралар коомчулуктун, анын ичинде жаштардын көңүлүн адам сатуу көйгөйүнө жана анын кесепеттерине бурдурууга багытталганын белгиледи.

"Адам сатуу глобалдык масштабдагы көрүнүш болуп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун коркунучтуу түрлөрүнүн бири катары таанылат. Адам сатууну шарттаган бир нече факторлор бар. Алардын бири жумушсуздук менен байланышкан, жогорку айлык акы жана жакшы жашоо издеген ички жана тышкы мигранттардын санын өстүргөн татаал социалдык-экономикалык абал. Адам сатуунун көпчүлүк курмандыгы — бул эмгекке жарамдуу калк", — деди ал.

Өмүрбекова Кыргызстанда "жандуу товардын" экспортун шарттаган факторлор катары калктын укуктук сабатынын жетишсиздиги, географиялык абалы, трансулуттук кылмыштуу уюмдары менен күрөшүү тажрыйбасынын жоктугу санала турганын кошумчалады.

Вице-премьер өкмөт тарабынан 2017-2020-жылдарга карата Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программа ишке ашырылып жатканын, ал элдин маалымат алуусуна, билимин жогорулатууга багытталганын айтты.

Тема боюнча

Бала сатты делген гинекологдор. Ымыркайлар кантип соодаланган?
Ошто өз ымыркайын 30 миң сомго сатканы жаткан киши кармалды
Белгилер:
программа, өкмөт, көргөзмө, адам сатуу, Алтынай Өмүрбекова

ЭҢ МААНИЛҮҮ