Бишкектеги эки кишинин өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлениях
Арест подозреваемого в преступлениях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция күбөлөрдүн айтып берүүсүнөн кийин шектүүлөрдүн изине түшкөн.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкекте катталган эки өлүмгө шектелген адамдар кармалды. Окуялар июндун ортосунда жана июлдун башында болгон. Бул туурасында шаардык ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

14-июнда болжол менен саат 21:30да Москва жана Трудовой көчөлөрүнүн кесилишинде кыйнап өлтүрүлгөн 30-35 жаштагы кишинин сөөгү табылган.

Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Төрт баланын энеси эле. Сузакта аялын бычактап өлтүрдү делген киши кармалды
Факт 130-берене менен ("Адам өлтүрүү") Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Эксперттер кийин ал 36 жаштагы Б.Н. аттуу адам экендигин аныкташкан.

Милиция окуя тууралуу күбөлөрдөн сураштырган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Б.Н. ал күнү бир нече адам менен спирт ичимдигин ичкен. Укук коргоо органдары шектүү катары 38 жаштагы Ж.Н. аттуу кишини кармашкан. Учурда ал убактылуу тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Экинчи өлүм 7-июлда катталган. Анда өтүп бара жаткандар саат 07:46та Чыгыш-5 кичи районунун өйдө жагындагы өндүрүштүк жайдагы түтүктөрдүн арасынан кишинин сөөгүн табышкан. Милиционерлер маркумдун денесинде бычактын издери бар экендигин билдиришкен.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул учурда дагы милиция күбөлөрдүн айтуусу боюнча шектүүнүн изине түшкөн. Бүгүн кылмышка шектүү деп 26 жаштагы Д.Р. кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилгени айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0