Бишкектин четинде автоунаа жөө адамды өлтүрө сүзүп, оодарылып калды. Видео

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүДТП с автобусом в Мурманске
ДТП с автобусом в Мурманске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу ооруканага жеткирилсе, жөө адам кырсык болгон жерден жан берген.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкектин өйдө жагындагы Көк-Жар айылында Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаа жөө адамды сүзүп, андан соң оодарылып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык дүйшөмбү күнү таңкы саат 07:30дар чамасында катталган. Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланган. 

ЖКККББнын маалыматына ылайык, автоунаа чыгыштан батышты көздөй баратып, 61 жаштагы кишини коюп кеткен. Жабыркаган адам кырсык болгон жерден көз жумган. Ал эми көлүк турак үйдүн жанынан оодарылып кетип, 32 жаштагы айдоочусу ооруканага жаткырылган. Учурда кырсыктын себептерин милиция тактап жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0