Айдоочуларды сызга отургузуп... Аккумулятор уурдады деп шектелген үч уландын сүрөтү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАккумулятор. Архив
Аккумулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелген үч бала тең 20 жашта. Кармалгандар убактылуу тергөө абагына киргизилди.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Борбордо аккумуляторду уурдады деген шек менен 20 жаштагы үч бала кармалганын Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүүлөр
Айдоочуларды сызга отургузуп... Аккумулятор уурдады деп шектелген үч уландын сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Шектүүлөр

Билдирмеге ылайык, 7-июлдан 8-июлга караган түнү "Арча-Бешик" конушунан белгисиз адамдар КамАЗ унаасынын 18 миң сомго бааланган эки аккумуляторун уурдап кетишкен. Ушул эле күнү "Арча-Бешиктен" Mercedes Benz автокөлүгүнүн 20 миң сомдук эки аккумулятору жоголгон.

"Аталган кылмышка шектелип 1999-жылы туулган үч бала кармалды. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, алар дагы 30 аккумуляторду уурдоого тиешеси бар экендиги белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча катталган. Кармалгандар убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0