Милицияга баш бербей качкан жол тандабастын окуясы... Унаа ичинде эмне болгон? Сүрөт

Жазылуу
Текшере келгенде 22 жаштагы айдоочу мас болуп, жанында автоунаасынын документтери, айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыккан.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жалал-Абадда автоинспекторлордон качкан Lexus RX300 унаасынын айдоочусу кармалды. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВДЗадержание водителя Lexus с ружьем и ножом
Жалал-Абадда автоинспекторлордон качкан Lexus RX300 унаасынын айдоочусу кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жалал-Абадда автоинспекторлордон качкан Lexus RX300 унаасынын айдоочусу кармалды
© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВДЗадержание водителя Lexus с ружьем и ножом
Автоунааны кароо учурунда салондун ичинен Иж-76100 сайлуу мылтык жана колго жасалган кырдуу бычак табылганы айтылат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Автоунааны кароо учурунда салондун ичинен Иж-76100 сайлуу мылтык жана колго жасалган кырдуу бычак табылганы айтылат.
1/2
Жалал-Абадда автоинспекторлордон качкан Lexus RX300 унаасынын айдоочусу кармалды
2/2
Автоунааны кароо учурунда салондун ичинен Иж-76100 сайлуу мылтык жана колго жасалган кырдуу бычак табылганы айтылат.

Окуя 26-июль күнү кечки саат сегиздерде болгон. Анда Жалал-Абад ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунан саатына ылдамдыгын 90-95 чакырымга жеткирип (ченем 60 чакырым) айдаган Lexus Rx-300 автоунаасын токтотууга аракет кылышканда, айдоочусу баш ийбей, сапарын улап кеткен.

Автоунаанын айдоочусу шек жараткандыктан кызматкерлер ошол эле замат кийинки күзөт посттогуларга кабар беришкен. Анткен менен жолтандабас кийинки тоскон автоинспекторлорду да тоготпой, жогорку ылдамдыкта өтүп кеткен.

Круглый стол Как мэрия будет решать проблемы транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ЖКККББнын башчысы менен орун басары сынактан кулап калды
Андан кийинки постто турган жол коопсуздугунун кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунун 482-чакырымында токтотууга аракет кылган. Анда айдоочу автокөлүгү менен артка бурулуп кетүүнү көздөп, жолдун сол тарабында токтоп турган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүзүп алган.

Ошол замат Lexus Rx-300 унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү ар тарапка качып жөнөшкөн.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан айдоочу кармалып, Ноокен районунун 22 жаштагы тургуну Ю. Э. экендиги аныкталган. Автоунааны кароо учурунда салондун ичинен Иж-76100 сайлуу мылтык жана колго жасалган кырдуу бычак табылганы айтылат. Текшере келгенде 22 жаштагы айдоочу мас болуп, жанында автоунаасынын документтери, айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыккан.

Иш Ноокен РИИБдин ыкчам-тергөө тобуна өткөрүлүп берилип, аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Автоунаа айып короого токтотулган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0