"Манас" аэропортунун кызматкерлери тамакка жапырт ууланды. Чоо-жайы

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүАшкана. Архив
Ашкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашкананын ашпозчулары биринчи ирет өз рецепти менен кукси жасап берген.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аба майданынын 10 кызматкери ууланып, 19-20-июль күндөрү ооруканага түштү. Алардын абалы аэропорттун аймагындагы ашканадан тамактангандан кийин начарлай баштаган. Бул туурасында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков билдирди.

Учурда сегиз адам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында жатат, экөө алгачкы жардам алып кеткен.

"Бейтаптардын ашканадан даярдалган куксиден ууланганы белгилүү болду. Ашпозчулар өзүнүн рецепти менен биринчи ирет кукси жасап, аны иштебеген муздаткычка салып койгон. Анан ысыкта туруп калган тамакты аэропорттун кызматкерлерине беришкен. Ашкананын ичин текшере келгенде санитардык нормалардын бири да сакталбаганы аныкталды", — деди Исаков.

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө кешик жеп уулангандардын саны 26га жетти. Той ээси окуя тууралуу
Ошондой эле ал ашкана санитардык абалын жакшыртканга чейин жабылып, жетекчилерине 5500 сом айып пул салынганын кошумчалады.

Аба майдандын маалымат катчысы Алия Курбанова кызматкерлер ууланган ашкананы жеке тараптар ижарага алып иштетерин билдирди.

"Биздин аймакта үч ашкана жана бир нече кафе бар. Кызматкерлер өзү каалаган жерден тамактанат. Уулануу түшкү тамактануу учурунда болуптур", — деди маалымат катчы.

Мындан сырткары, ал Санэпидем көзөмөл департаментинин чыгарган корутундусунан кийин ашканага чара көрүлөрүн кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0