Чаткал дарыясына түшүп кеткен жаран Өзбекстандын аймагынан изделүүдө

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүОчистка Патриарших прудов в Москве
Очистка Патриарших прудов в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин куткаруучулары Кыргызстандын башка аймактарынан да сууга чөгүп кеткен жарандардын сөөгүн алып чыгып, укук коргоо органдарына тапшырып беришкен.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 19-июлда саат 20:30дар чамасында Ак-Таш айыл аймагындагы Чаткал дарыясына 21 жаштагы жигит түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жерден 800 метрден кийин дарыя Өзбекстандын аймагына кирип кеткендиктен издөө иштерине коңшу өлкөнүн куткаруучулары да тартылууда.

"22-июль күнү Өзбекстандын алты куткаруучусу Ташкент облусуна караштуу Бостанлык районунун Бурчмулла айылынан өткөн дарыянын жээгинде издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжа болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Суудан ажал тапкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери суудан ажал тапкандардын саны. Кейиштүү статистика
Издөө иштери бүгүн да улантылат.

Андан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сокулук районундагы Ак-Ордо-3 конушунда жайгашкан көлмөгө 42 жаштагы киши чөгүп кеткенин билдирди. Анын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Ошондой эле ӨКМ куткаруучулары Токмок шаарындагы 3-кичи районунун жанында жайгашкан көлмөдөн 30-35 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгүн издеп таап, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тапшырган. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0