Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: 14 кыргызстандык жабыркады

© Sputnik / Александр Онопа / Медиабанкка өтүүНападение на прохожих в Сургуте
Нападение на прохожих в Сургуте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аймакта абал тынч.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан Кыргызстандын 14 жараны жабыр тартты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Жаракат алгандардын арасында укук коргоо органдарында иштегендер да бар.

"Алар тараптар бири-бирин ташка алган учурда жаракат алган. Арасында октон да жабыркагандар бар. Кийинчерээк толук маалымат берилет", — дешти мекемеден.

Ал эми ИИМдин билдиришинче, азыр жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пограничники Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы кыргыз-тажик чегиндеги азыркы абалды айтты
Дүйшөмбү күнү кечинде Баткен облусундагы Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворух айылынын тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымал, анткени мергенчинин мылтыгы атылган.

Учурда Кыргызстандын чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Исфара — Ворух автожолу ачыла элек. Чыр чыккан аймакка Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев учуп кетти.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0