Чек ара кызматы кыргыз-тажик чегиндеги азыркы абалды айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПограничники Кыргызской Республики
Пограничники Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү кечинде Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал саат 7:30га карата салыштырмалуу турукташканын Чек ара кызматынан билдиришти.

 Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Рахмон Ворухка барат. Кыргыз-тажик чек арасы талкууланат
Дүйшөмбү күнү кечинде Ак-Сай (Кыргызстан) менен Ворух (Тажикстан) айылдарынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ворух айылынын тургундары кыштактын кире беришине флагшток орнотмокчу болушкан. Ал эми ага аксайлыктар каршы чыккан. Кайым айтышуу учурунда тараптардын бири ок чыгарган. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, окту жай тургундар деле чыгарышы ыктымал, анткени мергенчинин мылтыгы атылганы белгилүү болгон.

Маалыматка ылайык, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Исфара — Ворух автожолу ачыла элек.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик мындай окуялардын алдын алуу жана болтурбоо үчүн биргеликте иш алып барууда.

Чыр чыккан аймакка Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев учуп кетти.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0