"Рус - красавчик!". Кыргыз жигит уурулар токмоктогон кишини сактап калдыбы? Видео

Жазылуу
Интернетте катуу талкууга алынган видеонун каарманы адилетсиздикке чыдай албай, сыртка чуркап чыкканын айтып берген.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Интернеттин кыргыз сегментинде "Рус красавчик!" деген аталыштагы видео катуу талкууга алынып жатат.

Анда көрүнүп тургандай, үйдүн короосунда белгисиз үч бала бир кишини ур-тепкиге ала баштайт. Видеонун автору окуяны терезеден тартып жатып, Рус деген бирөөнү кийлигишпе деп суранат. Бир маалда короого үстүндө көйнөгү жок жигит чуркап чыгып, шылуундарды ар кайсы жакка качыра кол салат.

Социалдык тармактардын колдонуучулары окуя Бишкек шаарында болгонун айтып, анын каарманын мактап жатышат.

Ал эми Tengrinews агенттиги окуя Казакстандын Актау шаарында болгонун жазды.

Андагы маалыматка караганда, видеодо 22 жаштагы Руслан Муханбеткалиев болгон. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, жалгыз кишиге кол салуу болгондо үйдө достору менен отурганын айткан.

"Балкон ачык турган эле. Бир маалда сыртта ызы-чуу болуп жаткандай угулду. Карасак бирөөлөр мушташып жатыптыр. Тиги кишиге жардам берип коелу деп алгач досума айттым, бирок кийин өзүм чуркап чыктым. Досум болуп жаткан нерсенин баарын видеого тартып алыптыр", — деген Муханбеткалиев.

Случаи драки людей  - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дагы бир массалык мушташ видеого түшүп калды. Видео
Жигит бир кишиге үчөөнүн жабыла калганын жөн карап тура албаганын кошумчалады.

"Чыга калып колдон келгенин жасадым. Өзүм да жаакка жедим, бирок башка кишиге жардам бере алдым. Сабалып жаткан кишинин айтымында, анын жанында акчасы жана телефону бар экен. Кол салгандар ошону тартып алгысы келсе керек", — деди Руслан.

Анын айтымында, ошол күнү кечинде короого байтааныш бирөөлөр келген.

"Өч алганы келди го деп ойлоп, сыртка чыгып ары-бери жакты карап турдум. Бирок эч ким тийишкен жок. Баса, тиги балдардын бирөөсүнүн артынан кууп баратсам, полиция кызматкери чыгып калды. Ага окуяны айтып бергем. Каракчыларды кармап, жоопкерчиликке тартышты деп үмүттөнөм", — деди ал.

Случаи драки людей в КР - Sputnik Кыргызстан
Петербургда кыргызстандыктар жергиликтүү тургундар менен мушташа кетти
Муханбеткалиев мурда айкидо менен алектениптир. Ал эми акыркы кезде брусья жана турникке тартынып жүргөн. Каракчылар менен беттешкен күнү активдүү жашоо образы жардам берди деп ишенет.

Ошондой эле ал автоунаага газ орнотчу жайда катардагы жумушчу экенин, бирок ушундай учурларда адилеттүүлүк үчүн ар дайым колдон келген аракетин кыларын айтып берген.

Мангистау облустук полициясы видеону иликтеп чыкканын, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылаарын билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0