Ысык-Көлгө 29 жаштагы киши чөгүп кетти

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүОтдых в Краснодарском крае
Отдых в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылган.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылында 29 жаштагы киши 18-июлда көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылган. Саат 19:40тар чамасында кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

ӨКМ сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерди сактоо керектигин эскертет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0