Бир айлык ымыркайга арак ууртаткан кайната келининен токмок жеди

CC BY 2.0 / John Mayer / DSC_5819Новорожденный ребенок
Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгылуу окуя ымыркайдын бир айлыгын майрамдоо учурунда болгон.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Пекинде чоң ата капысынан бир айлык небересинин чарчап калышына себепкер болду. Бул тууралуу AsiaOne басылмасы жазды.

Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Бир тууган агасын бычактап салган. Оштогу чуулуу окуя
Кайгылуу окуя ымыркайдын бир айлыгын майрамдоо учурунда болгон. Бөбөктүн чоң атасы аны көтөрүп алып каалоо-тилек айтып жатканда, коноктордун бири тамаша иретинде "ал майрамдын күнөөкөрү менен чогуу арак ичиши керектигин" айткан. Чоң ата кармап турган бокалдагы ичимдиктен ымыркайга ууртатып койгон. Муну көргөн келини ачуусу келип, кайнатасынын колунан баласын тартып алган.

Тилекке каршы, жарым сааттан кийин ымыркай дем албай калган. Аны тезинен ооруканага алып барышканы менен дарыгерлер жардам бере алган эмес. Ооруканадан наристе алкоголго ууланган деген корутунду чыгарып беришкен.

Баласы чарчап калганын билген жаалданган келин кайнатасын сабап салган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0