22:57 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Ымыркайды кучактаган эне. Архивдик сүрөт

Бир айлык ымыркайга арак ууртаткан кайната келининен токмок жеди

CC BY 2.0 / John Mayer / DSC_5819
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
4322 0 0

Кайгылуу окуя ымыркайдын бир айлыгын майрамдоо учурунда болгон.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Пекинде чоң ата капысынан бир айлык небересинин чарчап калышына себепкер болду. Бул тууралуу AsiaOne басылмасы жазды.

Кайгылуу окуя ымыркайдын бир айлыгын майрамдоо учурунда болгон. Бөбөктүн чоң атасы аны көтөрүп алып каалоо-тилек айтып жатканда, коноктордун бири тамаша иретинде "ал майрамдын күнөөкөрү менен чогуу арак ичиши керектигин" айткан. Чоң ата кармап турган бокалдагы ичимдиктен ымыркайга ууртатып койгон. Муну көргөн келини ачуусу келип, кайнатасынын колунан баласын тартып алган.

Тилекке каршы, жарым сааттан кийин ымыркай дем албай калган. Аны тезинен ооруканага алып барышканы менен дарыгерлер жардам бере алган эмес. Ооруканадан наристе алкоголго ууланган деген корутунду чыгарып беришкен.

Баласы чарчап калганын билген жаалданган келин кайнатасын сабап салган.

Тема боюнча

Кыргызстандын арак-шарапка жакын аймагы айтылды. График
Белгилер:
чарчап калуу, оорукана, ден соолук, арак, ымыркай, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ