Машина коюп кеткен "Бишкекасфальтсервистин" кызматкери каза болду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭкс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями
Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан кийин ал ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Машина коюп кеткен "Бишкекасфальтсервистин" кызматкери каза болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 6-июлга караган түнү Абдрахманов менен Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде иштеп жаткан кызматкерди автоунаа коюп кеткен.

Мэриядан кабарлашкандай, операциядан кийин абалы оор бойдон калып, өзүнө келген эмес. Ал 16-июлда ооруканадан үзүлгөн.

Ал эми кармалган 24 жаштагы айдоочу телефонго алаксып кеткенин айткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0