Адис: Нарында өлгөн малдан жугуштуу ылаң табылган жок, бирок териштирип жатабыз

Жазылуу
Адистин такталган маалыматтарга таянып билдиргенине караганда, жеринде 22 кой өлгөн.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Солтон-Сары жайлоосунда өлгөн малдын канынан жугуштуу ылаң табылган жок, бирок текшерүү иш-чаралары уланууда. Бул туурасында Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумар Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Аталган жайлоодо 20дан ашуун мал короо бар. Ошолордун ичинен бир гана короодогу жалаң эркек козулар өлгөн. Алардын канынан мышьяк табылды. Бирок мунун алтын кендеги жардырууга тиешеси бар-жогун так кесе айтуу кыйын", — деди Исаков.

Алтын казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында кырылган мал... Алтын кенин иштеткен кытай ишканасы тууралуу 7 факты
Анын такталган маалыматтарга таянып билдиргенине караганда, жеринде 22 мал өлгөн.

Буга чейин Нарын облусунун Солтон-Сары кенинен анча алыс эмес жайгашкан үч айылдын тургундары кой-козунун жапырт кырылып жатканын билдиришкен. Буга мал ээлери кытайлык ишкананы күнөөлөп жатат. Иштин чоо-жайын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кытай компаниясынын кызматкерлери жана тургундары кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0