Бишкекте минивэн көчөнүн ортосунда казылган аңга кирип кетти. Сүрөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖилищное строительство в Московской области
Жилищное строительство в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 18-июлда таңкы саат 4:30дар чамасында Турусбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде суу куурларын оңдоо үчүн казылган аңга Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кетти. Кырсыктын сүрөтү "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. 

ЖКККББ маалыматты ырастап, жол кырсыгы 18-июлда таңкы саат 4:30дар чамасында Турусбеков менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди.

Кырсыкка кабылган машинанын ичинде айдоочу гана болгон. Ал жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0