Ошто жарылуу болгон май куюучу жай тергөө бүтө электе кайра иштеп баштады

© Фото / Зульфия ТургуноваДело по взрыву в автозаправочной станции в Оше
Дело по взрыву в автозаправочной станции в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экотехинспекция май куюучу жайды тергөө аяктай электе иштеп баштагандыгы үчүн сотко бермекчи.

ОШ, 17-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндөгү май куюучу жай калыбына келтирилип, кайрадан иштеп баштады. Бул тууралуу кырсык катталган учурда жабыркаган №19 үйдүн жашоочулары Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 20-мартында Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районуна кире бериштеги күйүүчү май куюучу станциядан өрт чыккан. Жарылуунун кесепетинен эки киши жаракат алып ооруканага жеткирилген. 59 жана 35 жаштагы эки жабырлануучу шаардык жана облустук оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.

© Фото / Зульфия Тургунова2019-жылдын 20-мартында Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районуна кире бериштеги күйүүчү май куюучу станциядан өрт чыккан.
2019-жылдын 20-мартында Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районуна кире бериштеги күйүүчү май куюучу станциядан өрт чыккан. - Sputnik Кыргызстан
1/3
2019-жылдын 20-мартында Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районуна кире бериштеги күйүүчү май куюучу станциядан өрт чыккан.
© Фото / Зульфия ТургуноваЖарылуунун кесепетинен эки киши жаракат алып ооруканага жеткирилген.
Жарылуунун кесепетинен эки киши жаракат алып ооруканага жеткирилген. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жарылуунун кесепетинен эки киши жаракат алып ооруканага жеткирилген.
© Фото / Зульфия Тургунова 59 жана 35 жаштагы эки жабырлануучу шаардык жана облустук оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.
 59 жана 35 жаштагы эки жабырлануучу шаардык жана облустук оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
59 жана 35 жаштагы эки жабырлануучу шаардык жана облустук оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.
1/3
2019-жылдын 20-мартында Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районуна кире бериштеги күйүүчү май куюучу станциядан өрт чыккан.
2/3
Жарылуунун кесепетинен эки киши жаракат алып ооруканага жеткирилген.
3/3
59 жана 35 жаштагы эки жабырлануучу шаардык жана облустук оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган.

Кырсык май куюучу станцияга жанаша жайгашкан унаа оңдоочу жайда токтоп турган бир нече унаага кесепетин тийгизген. Ал эми аталган жайдын бир чети күйүп, чатырын таштар талкалап салган. Устакана ээси келтирилген чыгымды төлөп берүүнү талап кылып, милицияга арыз менен кайрылган болчу. Окуянын күбөлөрү ал жерге барган кабарчыга өрттөн мурда жарылуу болгонун, мындан улам жанындагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин терезелери сынып кеткендигин билдирген. Окуядан соң калаа бийлиги мындан ары шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча буйрук чыга тургандыгын маалымдаган эле.

1 млн. доллар кеткен. Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үй түрттүрүлүп жатат. Видео - Sputnik Кыргызстан
1 млн. доллар кеткен. Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үй түрттүрүлүп жатат. Видео
Шаардык милициянын маалыматы боюнча, жарылуудан соң Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүмү ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Шаардык милициянын маалымат кызматынын өкүлү Абсатар Тавакаловдун айтымында, жарылуу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иши ушул жуманын соңунда аяктап, сотко өткөрүлөт.

Бул жайдын иштешине нааразычылык билдирип, аны жабууну талап кылып келе жаткан, кырсык катталган учурда жабыркаган №19 үйдүн жашоочуларынын билдиришинче, жарылуу катталган май куюучу станция 15-июлдан тарта, тагыраагы, үч айдан кийин кайра эле иштеп жатат.

Кырсыктан соң май куюучу станция калыбына келтирилип, ишмердүүлүгүн жүргүзүү канчалык мыйзамдуу, мыйзамсыз экендигин тактоо үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Мелис Адиевге кайрылганыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду. 

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндөгү май куюучу жай калыбына келтирилип, кайрадан иштеп баштады
Ошто жарылуу болгон май куюучу жай тергөө бүтө электе кайра иштеп баштады - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы жарылуу болгон Исанов көчөсүндөгү май куюучу жай калыбына келтирилип, кайрадан иштеп баштады

"Май куюучу жайда катталган жарылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Азырынча тергөө иши жүрүп жатат, иш сотко өткөрүлө элек жана соттун чечими чыга элек. Негизи мыйзам боюнча (курулуш имараттарынын нормаларына ылайык – ред.) сот тарабынан чечим чыга электе ал жайды кайрадан калыбына келтирүүгө жана кайра иштетүүгө болбойт", — деди Адиев.

Анын айтымында, май куюучу станция менен ага жанаша курулган унаа оңдоочу жайдын жана башка имараттардын ортосундагы аралык эреже талаптарда көрсөтүлгөн нормага дал келбей тургандыгы Экотехинспекциянын шаардык башкармалыгы тарабынан текшерүү учурунда аныкталган.

"Азыр талаш маселе жаралып жатат. Алгач жарылуу болгон станциябы же ага жанаша жайгашкан унаа оңдоочу устаканалардын имараты курулганбы? Кайсынысы биринчи курулуп, андан кийинки имарат түшкөндө нормага ылайык алардын ортосундагы аралык сакталып-сакталбагандыгы текшерилип жатат. Ал эми күйүүчү май куюучу жайдагы жарылуу фактысы боюнча тергөө иштери аяктай электе станция калыбына келтирилип иштеп баштагандыгы боюнча Экотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы Ош шаардык сотуна арыз менен кайрылабыз", — деди Адиев.

Ал эми аталган жайдын ээси менен байланышып комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы 270 май куюу жайын онлайн көзөмөлдөмөй болду
Экологиялык жана техникалык коопсуздук маминспекциясынын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын өкүлү Гыламидин Базарбаев буга чейин соттун чечими чыкмайынча аны кайра курууга же иштетүүгө болбой тургандыгы жөнүндө станция курулган жердин ээси, ишкер Алмаз Айдаркуловго эки ирет эскертүү берилгендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирген.

Ош шаардык мэриясында 2019-жылы 26-июнда Ош шаарындагы күйүүчү май куюучу жайлардын ээлеринин катышуусундагы жыйында станция курулган жердин ээси, ишкер Алмаз Айдаркулов ага эч кайсы кызматтан станцияны калыбына келтирүүнү токтотуп туруу боюнча эскертүү берилбегендигин билдирген.

Ошол эле жыйында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов ишкер Алмаз Айдаркуловго кайрылып: "Сизге караштуу станциядагы жарылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мыйзамга ылайык, тергөө аяктаганча калыбына келтирбей, курулуш иштерин токтото туруңуз", — деп эскертүү берген.

Ишкер Алмаз Айдаркулов ага берилген эскертүүлөр боюнча жыйында станцияны калыбына келтирүүнү уланта тургандыгы же токтото тургандыгы тууралуу пикирин билдирген эмес.

Экотехинспекциянын шаардык башкармалыгынын өкүлү Базарбаевдин билдиришинче, аталган май куюучу жай 2006-жылдан бери иштеп келе жатат. 2018-жылдын декабрь айындагы пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө анын турак үйлөрдөн талапка ылайык 50 метр эмес, 43 метр аралыкта жайгашканы аныкталган. Бул боюнча акт түзүлгөн. Мындан сырткары, аталган жай ээсине кардарларды алдоо жолу менен май куйгандыгы боюнча 5000 сом өлчөмүндө, өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы боюнча да 5000 сом айып пул салынган.

Автозаправочные станции - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы качан кескин өскөнү айтылды
Жарылуу фактысы катталган соң, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгы Ош шаардык мэриясынын буйругунун негизинде Экономика министрлигинин аймактык башкармалыгы менен макулдашып, калаадагы май куюучу 44 жайды текшерүүгө алган.

Текшерүү учурунда 12 жайдын ээси текшерүүгө барган кызматкерлерди аталган жайга киргизбей, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тоскоолдук жараткандыгы үчүн Экотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгы алардын үстүнөн Ош шаардык прокуратурасына арыз менен кайрылган.

Ал эми 22 жайда коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы, ченемдик нормалар бузулгандыгы аныкталып, ал боюнча материал сотко өткөрүлгөн.

Ош шаарынын прокурору Кубат Адраимовдун айтымында, прокуратурага келип түшкөн 12 арыздын ичинен жетөөсү боюнча, башкача айтканда май куюучу жети бекеттин жетекчилигинин жоопкерчилиги каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0