Алты айга жетпей 20 бала сууга чөккөн... Кырсыктын кантип алдын алабыз?

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКөл жээгиндеги эс алуучулар. Архив
Көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сууга чөктү, агып кетти, жол кырсыгына кабылып каза болду, тоодон кулап көз жумду... Мындай жаңылыктар күн алыс эмес, саат сайын чыга баштады. Куткаруучулар да былтыркыга салыштырмалуу быйыл бөөдө жерден каза болгондордун саны 11 адамга көп экенин айтып, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.

Кырсыктын көп болуп жаткан себеби эмнеде, аны кантип алдын алса болот? Ушул жана башка суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп издеп көрдү.

Жыл башынан бери 12 жашка чейинки 20 бала сууга чөккөн...

Акыркы июль айында эле бир топ адам суудан ажал таап, үрөй учурган окуялар удаа-удаа катталды.

Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Кан жолдо каза болуп, кырсык тооруган аткаминерлер менен жакындары. Тизме
Ай баштала элек жатып өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсү автоунаасы менен Көкөмерен дарыясына түшүп кетти. Тилекке каршы, автокөлүктүн ичиндеги беш адам тең аман калган жок. Куткаруучу, жергиликтүү тургундар, туугандары аларды суудан жумалап издешти. Алгач айдоочусунун, андан кийин аткаминер менен небересинин сөөгү табылды. Ал эми жубайы менен уулу эки жумадан кийин гана жерге берилди.

Ушул эле айда унаасы менен сууга түшүп кеткен  беш факты болду. Өткөн аптада 15 жаштагы кыз ата-энеси менен Ысык-Көлгө эс алганы барып чөгүп кетсе, Суусамырда жоголгон үч жашар баланын сөөгү бир айдан кийин Көкөмерен суусунан табылды.

Жүрөк үшүн алган мындай окуялардан улам куткаруучулар ЖМК аркылуу коопсуздук эрежелерин сактоого байма-бай чакырууда.

Статистика

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 81 киши сууга агып, чөгүп каза болуптур. Анын ичинен 54ү - жай мезгили башталганда көз жумгандар.

Ал эми балдардын арасынан 2019-жылдын январь айынан тарта 12 жашка чейинки 20 бөбөк, өспүрүм курактагы 14 бала суудан ажал тапкан. 

ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысы Мелис Назарбеков көбү коопсуздук эрежелерине көңүл кош мамиле жасагандан кырсыктап жатканын айтты.

© Sputnik / Сергей АладьевӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысы Мелис Назарбеков
Алты айга жетпей 20 бала сууга чөккөн... Кырсыктын кантип алдын алабыз? - Sputnik Кыргызстан
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын башчысы Мелис Назарбеков

"Коопсуздук эрежелери тууралуу ар дайым айтып келебиз. Бирок ага көңүл бурушпайт. Чоң-Чүй каналы, Аламүдүн, Ала-Арча сыяктуу аккан суулар кооптуу деп саналат. Ошондуктан ал жакка түшүүгө тыюу салынган. Балдар арыктардын боюнда жалгыз ойноп жүрөт. Негизи жашы жете элек бөбөктөрдү сууга жалгыз жиберүүгө болбойт. Бул боюнча атайын токтом да бар. Ата-эне, чоңдор суунун жанында баладан көзүн албашы керек. Алар колун жууйм же түшүп кеткен оюнчугун алам агып кетип жатышат. Мындан сырткары, шар аккан суунун жанынан же ортосундагы таштан сүрөткө түшөм деп да аккандар бар. Ошондуктан этият болуш керек. Арыктарда суу чоң келип жатса, жанына баруунун кажети жок", — деди Назарбеков.

Куткаруучу суу боюндагы жолдордо, кооптуу жерлерде жол белгилери жетишпей жатканын да кошумчалап кетти.

"Алыскы аймактарда, тоолордо кооптуу жерлер көп. Ал жакта жол көрсөткөн белгилер жокко эсе. Антейин десең, автоунааны катуу айдаган айрымдар ага деле карабайт. Ошондуктан бардык айдоочулар кооптуу аймактарга келгенде ылдамдыкты азайтып, акырын айдаганы жакшы. Негизи быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу суудан каза болгондордун саны 11 адамга көп", — деди Назарбеков. 

Куткаруу кызматынын башчысынын айтымында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • көлмө, жасалма көлмө, каналдар, дарыялар жана башка шарты жок суу объектилерине түшүүгө;
  • мас болуп сууга түшүүгө;
  • балдарды кароосуз калтырууга;
  • чектөө киргизилген чийиндерден өтүп сүзүүгө;
  • мотору бар кайыктарга, кемелерге жана башка каражаттардын жанына сүзүп барууга;
  • куткаруучу каражаттарды туура эмес колдонууга;
  • тереңдиги канчалык экени белгисиз сууга секирүүгө;
  • сууда түрдүү оюндарды уюштурууга;
  • баллон менен алыска сүзүп кетүүгө.

Аягы жок жол кырсыктары

Адам өмүрүн алып, үрөй учурган жол кырсыктары да азая элек. Жакында эле Чолпон-Ата шаарында BMW X-7 жана Lexus үлгүсүндөгү жеңил машиналар кагышып, натыйжада төрт жигиттин өмүрү соолуду. Андан мурда Ош-Бишкек унаа жолунда жүргүнчү ташыган кичи автобус кырсыктап, жүргүнчүлөр жабыркап, айдоочу каза болгон.

Бейажал кеткен 4 жигит. Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын далилдеринин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бейажал кеткен 4 жигит. Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын далилдеринин видеосу
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев жол кырсыктардын көбү борбор калаанын ичинде эмес, Бишкек — Торугарт, Ош — Бишкек трассаларында болуп жатканын айтып, аларды алдын алуу үчүн атайын рейддер жүрүп жатканын белгиледи.

"ЖКККББ кызматкерлери рейд жүргүзүп, алыс жолго жүргүнчү ташыган кичи автобустарды текшерип жатат. Өткөн аптанын жума, ишемби, жекшемби күндөрү Ысык-Көл облусундагы айдоочулар көзөмөлдөн өттү. Үч күндүн ичинде 30дан ашык жол эрежесин бузгандар катталды. Алардын арасында 18 жүргүнчүнү салып алып, мас абалында автоунаа айдаган кичи автобустун айдоочусу кармалды. Мындан тышкары, "Ылдамдыкты азайт", "Рулдамын" аттуу рейддер да өткөрүлүүдө", — деди Исаев.

Тилек Исаев айдоочу жана жүргүнчүлөрдүн баарына жол эрежелерин сактоого, ылдамдыкты азайтып, мас абалында рулга отурбоого чакырды.

Астрологдордун ою

Астролог Жанар Кадыралиев адам өмүрүн алган каргашалардын удаа-удаасы менен кайталанып жатканы бекеринен эмес дейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековАстролог Жанар Кадыралиев
Алты айга жетпей 20 бала сууга чөккөн... Кырсыктын кантип алдын алабыз? - Sputnik Кыргызстан
Астролог Жанар Кадыралиев

"Өлкөдөгү саясий окуялардын болушу, кырсыктардын көбөйүшү Юпитер жана Нептун планеталардын начар түзүлүштө жайгашканына байланыштуу. Юпитер планетасы аркылуу саясий окуяларды божомолдосок, Нептун суу кырсыктарынан кабар берет. Азыр бул планетанын түзүлүшү оңолуп келатат. Ошондуктан июль айынын аягында жаман окуялардын саны азайып калышы ыктымал. Бирок сентябрдын ортосунан октябрь айынын жарымына чейин мындай көрүнүш кайталанышы мүмкүн", — деди Кадыралиев.

"Сактансаң, сактайм" деген жакшы сөз бар. Куткаруучулар, дарыгерлер, милиция өкүлдөрү ар бир адам өзүнө сак болуп, коопсуздук эрежелерине көңүл кош мамиле жасабоого чакырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0