Санкт-Петербургда кыргызстандык кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматкерлери. Архив
Россиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Киши курулуш тармагында эмгектенип келген. Ал бир ай мурда байланышка чыкпай калган.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. 6-июль күнү Санкт-Петербургда кыргызстандык кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кишинин сөөгү ээси жок Hyundai Elantra үлгүсүндөгү унаанын ичинен табылган. Учурда экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

34 жаштагы киши Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында туулганы белгилүү болду. Ал курулуш тармагында иштеп келген. Болжол менен бир ай мурда байланышка чыкпай калган. 16-июлда сөөгү мекенине жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0