04:38 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Ош базары жакта ресторандан чыккан өрт

"Ош" базары жакта чыккан өрт эстрада ырчысынын салонун да каптап кетти. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КР
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2540 0 0

Жеринде төрт өрт өчүрүү бригадасы иштеп, саат 17.16да жалын чектөөгө алынган.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. "Ош" базарынын жака белиндеги ресторанда чыккан өрт ырчы жана актриса Асеманын сулуулук салонун да каптады. Бул туурасында анын менеджери билдирди.

Бүгүн, 17-июлда, саат 16.25тер чамасында куткаруучуларга Жаш Гвардия проспектиси менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ресторандан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде төрт бригада иштеп, саат 17.16да жалын чектөөгө алынганын ӨКМден маалымдашты.

"Иштеген кыздар эки-үч эмеректи алып чыгууга араң жетишиптир. Калганы күйүп кетти. Бул сулуулук салонду Асема жарым жыл мурда эле ачкан болчу", — деди ырчынын менеджери.

Кырсык тууралуу кошумча маалымат берилет.

Тема боюнча

"Таатан" базарында чыккан өрт өчүрүлдү
"Ош" базарынын аймагында ресторан өрттөнүп жатат. Сүрөт
Белгилер:
жалыныч, ресторан, Өрт, сулуулук салону, Асема

ЭҢ МААНИЛҮҮ