Финпол: бир нече кичи райондун электр энергиясын жеп жүргөн майнинг-ферма кармалды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОткрытие майнингового центра в Ленинградской области
Открытие майнингового центра в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана айына 13-14 миллион сомдук ток колдонгон.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) мыйзамсыз иштеп, мамлекетке миллиондогон чыгым келтирип жүргөн майнинг-ферманы колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Майнинг-фермалар биткоиндерди чогултуу менен алектенет. Бул фермалар күчтүү видеокарталар коюлган компьютерлер же атайын түзүлгөн дата-борбордон турушу мүмкүн. Адатта бул борборлор ASIC системасы аркылуу иштеп, электр энергиясын өтө көп талап кылат. 

© Youtube / ГСБЭП при Правительстве Кыргызской РеспубликиОпубликовано видео обыска майнинг-фермы в Бишкеке с техникой на $21,5 млн
Финпол: бир нече кичи райондун электр энергиясын жеп жүргөн майнинг-ферма кармалды  - Sputnik Кыргызстан
Опубликовано видео обыска майнинг-фермы в Бишкеке с техникой на $21,5 млн

Финпол учурда кылмыштуулуктун улам жаңы түрлөрү менен күрөшө баштаганын айтат. Анын арасында майнинг бизнеси дагы бар. Ишкананын пикиринде, криптовалюталарды пайдалануу мамлекеттин финансылык жаатына башаламандык жаратышы мүмкүн.

Финансы полициясында ушул тапта бул жаатта сот өндүрүшүнө чейинки үч иш каралып жатат. Алар: КРдин Жазык кодексинин 232 ("Ишкананын салык төлөөдөн качуусу"), 230 ("Бажы төлөмдөрүнөн качуу") жана 215-беренелери ("Кылмыштуу кирешелердин ишин жашыруу") менен козголгон кылмыш иштери.

"Кыргызстандык жана чет элдик жарандардан турган топ салык төлөөдөн качып, компьютердик ишмердүүлүк менен алектенебиз деп "Т.Ц." аттуу ЖЧК ачышкан. Мунун аркасы менен алар мамлекетке ири чыгымдарды алып келген", — деп айтылат билдирүүдө.

© Фото / пресс-служба ГСБЭП КРЭкономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) мыйзамсыз иштеп, мамлекетке миллиондогон чыгым келтирип жүргөн майнинг-ферманы колго түшүрдү
Финпол: бир нече кичи райондун электр энергиясын жеп жүргөн майнинг-ферма кармалды  - Sputnik Кыргызстан
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) мыйзамсыз иштеп, мамлекетке миллиондогон чыгым келтирип жүргөн майнинг-ферманы колго түшүрдү

"Т.Ц." ишканасынын ээлери катары Кытай жараны Л.П. жана кыргызстандык А.А. көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, А.А. "Электр станциялары" жана "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканаларынан алынган электр энергиясын "Т.Ц." ишканасына жеткирип берчү ортомчу катары иштеген "К.Т." компаниясын жетектеген.

Финполдон билдиришкендей, 2018-жылы "К.Т." ишканасы ортомчулук ишмердүүлүгүнөн 21 миллион сом иштеп таап, бирок салык төлөгөн эмес.

"Т.Ц." ЖЧКсы иштеген имаратты тинткенде 8 миң даанадан ашык ASIC системасы табылган. Үлгүлөрү S9i — 6 615 даана, Т9+ — 1 451 даана, L3+ — 399 даана. 

© Фото / пресс-служба ГСБЭП КРМайнинг-фермалар биткоиндерди чогултуу менен алектенет
Финпол: бир нече кичи райондун электр энергиясын жеп жүргөн майнинг-ферма кармалды  - Sputnik Кыргызстан
Майнинг-фермалар биткоиндерди чогултуу менен алектенет

Маалыматка караганда, S9i системасынын бир даанасы — 2 230 доллар, Т9+ — 3300 доллар, L3+ — 3500 доллар турат. Жыйынтыгында ал жактан алынган жабдуулардын баасы 21,5 миллион доллар деп бааланды.

Алардын баары күнү-түнү интернет жана электр энергиясын талап кылат. Мындан тышкары, бул жабдуулардын тиешелүү документи болгон эмес.

"Ишкана айына 13-14 миллион сомдук ток колдонгон. Бул Бишкектеги бир нече кичи район колдонгон электр энергиясына барабар", — деп айтылат билдирүүдө.

Финпол мындан ары дагы майнинг-фермаларды издей турганын кошумчалады. 

© Фото / пресс-служба ГСБЭП КРБул фермалар күчтүү видеокарталар коюлган компьютерлер же атайын түзүлгөн дата-борбордон турушу мүмкүн
Финпол: бир нече кичи райондун электр энергиясын жеп жүргөн майнинг-ферма кармалды  - Sputnik Кыргызстан
Бул фермалар күчтүү видеокарталар коюлган компьютерлер же атайын түзүлгөн дата-борбордон турушу мүмкүн

Ушул тапта ал электр энергиясын дүңүнөн сатып алуу жана колдонуу боюнча Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги берген лицензиянын мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Ошондой эле майнинг-ферманы иштетүүгө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, курулушка уруксат берген Архиректура жана курулуш агенттигинин уруксат кагаздары текшерилип жатат.

Ошондой эле Финпол майнинг-ферма жана дата-борборлорго электр энергиясына кошулууга тыюу салуу боюнча тапшырманын аткарылышы боюнча маалыматтарды алуу үчүн Улуттук энергохолдингге кат жолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0