"Таатан" базарында чыккан өрт өчүрүлдү

Жазылуу
Жеринде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеди.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Таатан" базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Базардын аймагындагы өрт тууралуу маалымат ӨКМге саат 13:20да түшкөн. Жеринде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеди.

Алдын ала маалымат боюнча, таштанды күйгөн. Өрт толугу менен саат 14:02де өчүрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0