Ош: шектүү таякесинин жүрөгүнө бычак сайып, сөөгүн сайга көмүп койгон

CC BY 2.0 / *saipal / Appetite for lifeСлучаи поножовщины
Случаи поножовщины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда экинчи шектүүнү Россиядан кармап, Кыргызстанга алып келүү аракеттери жүрүп жатат.

ОШ, 15-июл. – Sputnik. Ош шаарында 9-марттан бери дайынсыз болуп жаткан 55 жаштагы кишинин сөөгү Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы сайдан табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 27-мартында Ош шаарынын 60 жаштагы тургуну 55 жаштагы бир тууган иниси 18 күндөн бери табылбай жатканын айтып, милицияга кайрылган. Буга байланыштуу ыкчам топ издөө иштерине киришкен. 

© Фото / Зульфия ТургуноваШектүү
Ош: шектүү таякесинин жүрөгүнө бычак сайып, сөөгүн сайга көмүп койгон - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Натыйжада 55 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип 30 жаштагы жаран кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө окуя А.С. аттуу кишинин Фабричная көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгонун билдирген.

"Шектүүнүн айтымында, А.С. менен жээни сөз талаша кетип, уруша кетишкен. Натыйжада жээни таякесин бычак менен жүрөккө сайган. Көз жумган кишинин сөөгүн Кара-Суу районунун Ак-Терек айыл аймагындагы сайга экөөлөп көмүшкөнүн билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инисин бычактады делген өспүрүм кыз туугандары менен жашоодон баш тартты
Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде аталган аймактан кишинин сөөгү табылган. Аны туугандары таанышкан.

Учурда тийиштүү экспертиза дайындалып, шектүү эки айга камакка алынды.

Ал эми таякесин өлтүрүүгө шектелген 36 жаштагы жээни Ош шаарында төрөлүп, Россиянын жараны экени белгилүү болду. Учурда аны кармап, Кыргызстанга алып келүү боюнча аракеттер жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0