Ала-Арча суусуна агып кеткен 25 жаштагы жигит изделүүдө

© Sputnik / Первенцев / Медиабанкка өтүүГорная река Ала-Арча
Горная река Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Бишкектен анча алыс эмес жерде, Байтик айылында болгон.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Чүй облусунда Ала-Арча суусуна агып кеткен 25 жаштагы жигит изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта окуя кечээ, 14-июль күнү болгону кабарланды. Жергиликтүү тургундар 112 кызматына чалып, Байтик айылында 25 жаштагы жигит Ала-Арча суусуна түшүп кеткендигин айтышкан.

"Кырсык болгон аймакка Аламүдүн райондук Куткаруу кызматынын алты куткаруучусу тартылып, түн кирип кеткендиктен, саат 23:50дө издөө иштери убактылуу токтотулган", — деп жазылат маалыматта.

Бүгүн издөө иштери кайра башталгандыгы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0