Ысык-Көлгө ата-энеси менен эс алууга барган 15 жаштагы кыз чөгүп кетти

© Sputnik / Борис Приходько / Медиабанкка өтүүОзеро Иссык-Куль в Киргизии
Озеро Иссык-Куль в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атасы кызын өзү суудан алып чыгып, тез жардам чакырылган.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы пляждардын биринде 15 жаштагы кыз чөгүп кетти. Ал ата-энеси менен чогуу эс алганы келген. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун милициясынан кабарлашты.

Побережье Черного моря в Адлерском районе Сочи - Sputnik Кыргызстан
Депутат Ысык-Көлдө киши өлүмүн азайтуунун жолун сунуштады
Каргаша 12-июлда "Шанхай" пляжынын аймагында саат 19:00дөр чамасында болгон. Ата-энесинин айтымында, алар кызын бир нече мүнөттүн ичинде эле жоготуп алышкан. Аны издеп баштаганда жээкке чыгып турган башын көрүшкөн. Өспүрүм кыз чөгүп кеткен жер өтө терең эмес, маркумдун белинен келген жер болгон.

Атасы кызын өзү суудан алып чыгып, тез жардам чакырылган. Бирок ал дарыгерлер келгенге чейин эле үзүлгөн. Ата-энеси экспертизаны күтпөй эле кызын Бишкекке алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0