ЖКККББ: мас айдоочу "Коопсуз шаардын" камерасын сүзүп кетти

© AFP / PHILIPPE HUGUENТранспортное средство в Лилле
Транспортное средство в Лилле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары айдоочуну дароо кармаган. Ал мас жана айдоочулук күбөлүгү жок экени белгилүү болгон.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бишкектин жанынан Ford Sierra үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу "Коопсуз шаардын" көчмө камерасын коюп, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 12-июлда саат 10:00дөр чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 26-чакырымында болгон. Интернетте окуянын видеосу тарады, аны "Вега" компаниясынын оператору тартып алган.

Видеодон эркек киши машинага шашып отуруп, зуулдаган боюнча кеткенин көрүүгө болот. Оператор автоунаанын арткы мамлекеттик номерин жулуп алууга үлгүргөн. Кийинки видеодо айдоочунун кармалганын көрүүгө болот.

"Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери изи сууй электе Аламүдүн айылынын 30 жаштагы айдоочусун кармашты. Ал мас болгон. Андан сырткары айдоочулук күбөлүгү жана башка тийиштүү документтери болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Автоунаа айып короого токтотулуп, кармалгандарга карата протокол түзүлдү. Чогултулган бардык материалдар Ысык-Ата РИИБдин тергөө бөлүмүнө берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0