Бишкекте милициянын унаасы Lexus GX 470 менен кагышып, эки адам жаракат алды

Жазылуу
Кырсыкка кабылган автоунаанын бири Октябрь РИИБдин күзөт бөлүмүнүн кызматтык унаасы болгон.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Ахунбаев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан эки адам жаракат алды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Бүгүн, 13-июлда, саат 10.32де  Тез жардам кызматына кырсык болгон жерге чакыруу түшкөн. Окуянын күбөсү жөнөткөн видеодон милициянын унаасынын тумшугу талкаланып турганын көрүүгө болот.

"Жол кырсыгында эки машина кагышкан. Анын бири Октябрь РИИБдин күзөт бөлүмүнүн кызматтык автоунаасы болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки адам жаракат алды. Жеринде милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, күбөлөр суралууда", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда "Короче" Telegram-каналына күбөлөр башка ракурстан тартылган видео жарыяланды. Андан Lexus GX 470 үлгүсүндөгү жолтандабас кырсыктан кийин жолдун четиндеги темирди сүзгөн тейде токтоп турганын көрүүгө болот.

Азырынча кайсы автокөлүктөгү адамдар кандай жаракат алганы тууралуу маалымат жок. Тез жардам кызматы жабыркагандар Бишкек ортопедия жана травматология илим изилдөө борборуна жаткырылганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0