Башкы консул Түркияда киши колдуу болгон КР жаранынын туугандары менен жолукту

© REUTERS / Alkis KonstantinidisПроправительственной демонстрации в Стамбуле, Турция
Проправительственной демонстрации в Стамбуле, Турция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум иштеген мейманканада кыргызстандык 60тан ашык жаран эмгектенери белгилүү болду.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Түркиянын Аланья шаарында киши колдуу болгон 23 жаштагы Кыргызстандын жараны Иманалиевдин туугандары менен башкы консул Эркин Сопоков жолукту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

2019-жылдын 10-июлунда Башкы консул Сопоков тапанча менен атып өлтүрүлгөн КР жараны Иманалиевдин жубайы жана туугандары менен жолукту. Ал бул иш Башкы консулдук тарабынан көзөмөлгө алынгандыгын билдирген.

"Башкы консул Аланья шаарынын прокурору Ясин Эмре менен жолугуп, кыргыз тарап бул окуяны калыс жана эртерээк карап чыгуу жөнүндө өтүнүчүн билдирди. Ошондой эле Сопоков маркум Иманалиев эмгектенип жүргөн "Long Beach Hotels" мейманканасынын жетекчилиги менен жолукту. Белгилей кетчү нерсе, бул отелде Кыргызстандын 60тан ашык жараны иштейт", — деп айтылат маалыматта.

Анталья шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Антальяда белгисиз бирөөлөр кыргызстандык кызды уурдап кетишти
Эске салсак, 7-июлда Иманалиев аттуу жаран ок жеп каза тапкан. Шектүү окуя болгон жерден качып кетип, бирок коңшу райондон кармалган. Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, эки киши айтышып, анан мушташа кетишкен. Андан соң ок атылган

Стамбулдагы Башкы консулдуктун берген маалыматы боюнча, Иманалиевдин сөөгү Кыргызстанга Анталья — Стамбул — Бишкек каттамы боюнча жөнөтүлөт. Түркиянын авиакомпанияларынын бири менен сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада сөөк бекер жеткирилмей болгон.

Ал эми Антальядан Стамбулга чейинки жол кире менен башка чыгымдарды маркум мурда иштеген компания төлөп берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0