Чүйдө суу талашкан кошуналар мушташа кетти

Жазылуу
Шектүү катары кармалган эки кишинин бирөө ден соолугуна байланыштуу аймактык ооруканага жаткырылса, экинчиси Токмок шаарынын убактылуу тергөө абагына киргизилди.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Чүй районундагы Восточное айылында коңшулар суу талашып мушташа кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 10-июлда саат 11:05тер чамасында Восточное айылында мушташ болгону тууралуу Чүй райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу, Чүй РИИБдин жеке курамы барган.

"Окуя болгон жерге келген тартип сактоо органдары суу талаштан чыккан кер-мур айтышуу мушташка чейин жеткенин билишкен. Мушташтын кесепетинен 66 жаштагы киши 35 жаштагы баласы менен таяк жегени аныкталды. Эки тарапты арачалаган 30 жаштагы киши да жабыркаган. Аймактык милиция мушташтын жайылып кетишинин алдын алган. Ал эми 66 жаштагы киши аймактык ооруканага жеткирилип, калган эки жаранга амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Бул кылмыш ишине шектүү катары 40 жаштагы Л.Р. менен 37 жаштагы Л.А. аттуу жарандар кармалды. Бирок Л.А. ден соолугуна байланыштуу аймактык ооруканага жаткырылган. Ал эми Л.Р. Токмок шаарынын убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0