Автотранспорт агенттигинин өкүлдөрү УКМКнын кылтагына илинди

Жазылуу
Агенттиктин директору Анарбек Бекмуратов 4-июлда түндө сурак берип чыккан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин (Автотранспорт агенттиги) кызматкерлери кармалганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү булактар билдирди. Анда агенттиктин директору Анарбек Бекмуратов да коррупцияга шектелип, 4-июлда түнкүсүн УКМК тарабынан кармалганы кабарланган.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы эртеси, 5-июлда, Бекмуратовдун өзү менен байланышканда ал УКМКга сурак берип чыкканын ырастаган.

"Мен кечинде барып түшүнүк кат жазып бердим. Кайсы бөлүм кандай иштейт, струкутура, облустарда иштеген инспекторлор боюнча айтып бердим. Ар бир облустун начальниктери тууралуу жана иш ыкмасын сурашты. Ал эми инспекторлордун кармалганы боюнча маалыматым жок", — деди Бекмуратов.

Мындан улам бул иш боюнча расмий маалымат алуу үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурам жиберип расмий жооп алды.

Директор Госагентства автомобильного и водного транспорта Анарбек Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Агенттиктен 2 млн. сом уурдаткан аткаминер кайра директор болду. Видео
"Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Транспорттук көзөмөлдөө бекеттеринин жетекчилеринин коррупциялык иши боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азыркы тапта УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүк иш жүрүп жатат. Алардын коррупциялык иштерге көмөк көрсөтүшүнүн себептери такталууда", — деп айтылат маалыматта.

УКМК тергөө кызыкчылыктарына байланыштуу деп иштин чоо-жайын толугу менен айтуудан баш тартты.

Белгилей кетсек, 2015-жылы да Автотранспорт агенттигинен 1 миллион 856 миң сом уурдалып, кылмыш иши козголгон. Sputnik Кыргызстан мунун чоо-жайын иликтеп "Агенттиктен 2 млн. сом уурдаткан аткаминер кайра директор болду" деген материал даярдаган

 

Жаңылыктар түрмөгү
0