22:18 18 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Мотоциклист. Архив

Москвада миллиардердин уулу кыргызстандык таксисттин унаасына урунуп көз жумду. Видео

© AFP 2019 / BORIS HORVAT
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
1506 0 0

Таксист жолдон бурулуп жатканда мотоциклист катуу ылдамдыкта келип, ага урунган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Москвада мотоциклист менен кагышкан таксист Кыргызстандын жараны экенин КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Буга чейин РИА Новости агенттиги 8-июлда Москвада жол кырсыгы болуп, анда миллиардер Владимир Маруговдун улуу каза болгонун жазган.

Байымбетованын айтымында, кыргызстандык жаран 23 жашта, Баткен облусунда туулган. Элчиликтин кызматкерлери анын туугандары менен такай байланышта жана жол кырсыгына кабылган жаранга адвокат жалданган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кырсык болгон учурдун видеосун Москванын жол кыймылын уюштуруу борборунун жетекчисинин орун басары Александр Евсин жарыялады.

Москванын жол кыймылы коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жол кырсыгы Фрнузе көчөсүндөгү №46 үйдүн маңдайында болгон. Таксист жолдон бурулуп жатканда катуу ылдамдыкта келе жаткан мотоциклист ага урунган. Анын кесепетинен эки унаа тең күйүп кеткен. Мотоциклист ооруканада каза болгон. Таксист дагы олуттуу жаракат алган.

Москванын Таган райондук соту 9-июлда ишти карап, таксинин айдоочусун эки айга камаган. Учурда керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Ал Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүмү ("Этиятсыздыктан улам адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы") боюнча айыпталууда. Бул берене боюнча айыпталгандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Россиянын ЖМКларынын жазышынча, Владимир Маругов эл арасында "эт падышасы" деген лакап ат менен белгилүү. Ал бир нече колбаса заводдоруна ээлик кылат.

Тема боюнча

Мекенине келе жаткан... Оренбургдагы жол кырсыктан 3 кыргызстандык каза болду
Белгилер:
милиция, жол кырсыгы, Москва, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ