БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын "Спутник" кичи шаарчасындагы Роза Азимова көчөсүнөн жүк ташуучу унаа 11 жаштагы Р.А. аттуу кызды коюп кеткен.
© Фото / Зульфия ТургуноваЖалал-Абад шаарынын "Спутник" кичи шаарчасындагы Роза Азимова көчөсүнөн жүк ташуучу унаа 11 жаштагы Р.А. аттуу кызды коюп кеткен
Жалал-Абад шаарынын "Спутник" кичи шаарчасындагы Роза Азимова көчөсүнөн жүк ташуучу унаа 11 жаштагы Р.А. аттуу кызды коюп кеткен
© Фото / Зульфия Тургунова
Өспүрүм кырсык болгон жерден каза болуп, айдоочу из жашырган. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Анын айтымында, окуя бүгүн, 10-июлда, саат 11.00дөр чамасында болгон.
"Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, качып кеткен айдоочуну шаардын аймагынан кармашкан. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда", — деди ал.
Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери уланууда.