22:15 18 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576
Учак менен сөөк жеткизүү. Архивдик сүрөт

ТИМ: Түркияда октон каза тапкан жигиттин сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
68 0 0

Сөөк Түркиядан Бишкекке бекер жеткирилет.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Түркиянын Анталья аймагында киши колдуу болгон 23 жаштагы кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

7-июлда М. Иманалиев аттуу жаран ок жеп каза тапкан. Шектүү окуя болгон жерден качып кетип, бирок коңшу райондон кармалган. Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, эки киши айтышып жатып мушташа кетишкен. Андан соң ок атылган

Стамбулдагы Башкы консулдуктун берген маалыматы боюнча, Иманалиевдин сөөгү Кыргызстанга Анталья — Стамбул — Бишкек каттамы боюнча жөнөтүлөт. Түркиянын авиакомпанияларынын бири менен сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада сөөк бекер жеткирилмей болгон.

Ал эми Антальядан Стамбулга чейинки жол кире менен башка чыгымдарды маркум мурда иштеген компания төлөп берет.

Тема боюнча

Окуя башкача болгон... "Хан-Теңириде" атылган кишинин тууганы жаңы жагдайды айтты
Түркияда кыргызстандык 23 жаштагы жигитти көчөдөн атып салышты
Белгилер:
ок атуу, жигит, өлүм, кырсык, Стамбул, Анталья, ТИМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ