Сыр бербей уурдаптыр. Велосипедди алып из жашырган кишинин видеосу

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБорбор калаанын Октябрь райондук милициясы подъездден велосипед уурдоого шектелген 29 жаштагы кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты
Борбор калаанын Октябрь райондук милициясы подъездден велосипед уурдоого шектелген 29 жаштагы кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция шектүүнүн үйүнөн уурдалган тогуз велосипед тапкан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Борбор калаанын Октябрь райондук милициясы подъездден велосипед уурдоого шектелген 29 жаштагы кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүү
Сыр бербей уурдаптыр. Велосипедди алып из жашырган кишинин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

"Бул жылдын 4-майында Октябрь райондук милициясына 10-кичи райондун жашоочуларынын бири подъездден 13 миң сомдук велосипедин уурдап кетишкенин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") боюнча каттоого алынган", — деп айтылат маалыматта.

Кишинин велосипедди уурдап бараткан учуру көзөмөл камерага жазылып калган. Кадрдан көрүнүп тургандай, шектүү велосипедди жетелеп тепкич менен түшүп кеткен. Бир нече убакыттан кийин дагы бир велосипедди көтөрүп чыккан.

Укук коргоочулар маалымдагандай, шектүү буга чейин уурулук боюнча бир нече ирет соттолгон. Анын үйүнөн уурдалган тогуз велосипед табылган. Учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0