Бишкекке жакын жерде жалгыз кемпир жашаган үй өрттөндү. Видео

Жазылуу
Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен алты саат күрөштү.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Военно-Антоновка айылында 9-июлга караган түнү турак үй күйүп кетти. Кырсык болгон жерден тартылган видео Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жүктөлдү.

ӨКМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, өрт тууралуу кабар 101 кызматына саат 23.42де түшкөн. Жеринде үч өрт өчүрүүчү унаа иштеди. Тилсиз жоо 120 чарчы метрлик үйдү жана анча чоң эмес бастырманы жалмап кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, үйдө улгайып калган аял киши жалгыз жашачу.

ӨКМ ал жана коңшулар жабыркабаганын билдирди. Өрт толугу менен саат 6.00дө гана өчүрүлдү, себеби такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0