Белинен өйдө жагы каналдан табылган келин... 90-жылдардагы кылмыштар

Жазылуу
Союз тарагандан кийин өлкөдө аракечтик токтобой, кылмыштуулук күч алган. Ал кездеги эргулдар көчөгө мылтык көтөрүп чыгып далайларды курутуп, аскер бөлүгүнөн курал-жарак тоногонго чейин барган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурун июлда чыккан гезит беттерин барактап, ал кездеги кылмыштарды сунуштайт.

Тонолгон аскер бөлүгү

Кызды муунтуп жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кордолгон жубайын муунтуп өлтүрүп... Июндагы соттук чечимдер
Казакстан менен Кыргызстандын чек арасына жакын жерде жайгашкан ири аскер бөлүгүнөн кыргыз жана өзбек улутундагы жоокерлер курал-жарак уурдаган. Алар Макаров үлгүсүндөгү 905 тапанча, 20 даана Калашников автоматын унаага салып из жашырып кеткен. Коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрү кыргызстандыктарга кайрылып жардам сураган, анткени ал ок атуучу куралдар менен жүздөгөн адамдын өмүрүн алуу коркунучу бар эле.

Изин жашырган зөөкүр

Колу-буту кесилип, денеси ортосунан бөлүнгөн келиндин сөөгүнүн жарымы борбор калаадагы кичирайондон табылса, калганы эки күндөн кийин Чоң Чүй каналынан табылган. Погончондор кылмышкерди тапмак түгүл, узак убакыт бою каза болгон аял ким экенин аныктай албай убара болгон.

Төлгөчүгө ишенген кылмышкерлер

Айылда төрт бээсин жоготкон тургун издегенин таба албай төлгөчүгө кайрылган. Ал болсо мал айылдашынын сарайында камалып жатканын айткан. Көзү ачыктын сөзүнө ишенген мал ээси ачууга алдырып, ууру менен "башкача" сүйлөшүү үчүн төрт-беш аракечти жалдаган. Аракка тойгон эргулдар жылкыны айдап кетти делген элеттикти айылдын четине алып чыгып сабашкан. Токмок жеген адамдын кабыргалары сынып, боору менен бөйрөгү үзүлүп, окуя болгон жерде көз жумган. Сот алардын ар бирин алты жылдан он жылга чейин эркинен ажыраткан.

Погончон каракчылар

Сумкасын кучактап жыгылган. Камчыбек Каримовдун өлүм алдында кармашкан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Сумкасын кучактап жыгылган. Камчыбек Каримовдун өлүм алдында кармашкан видеосу
Курал көтөргөн кылмышкерлер бир нече айда Бишкектин жана анын айланасында өзүнүн былыктарын жасап келген. Жеңил жол менен тыйын тапкан беш адамдан турган топ күйүүчү май ташыган унааларды токтотуп, айдоочуларына курал такап акча өндүрчү. Жалпы жонунан 11 факты катталган. Укук коргоо органдары автомат, тапанча алып жүргөн шектүүлөрдү криминалдык чөйрөдөн издеген. Бирок жыйынтыгында алар Ички иштер министрлигинин алдындагы академияда иштеген жана окуган погончондор экендиги аныкталган. Алар курал-жаракты аталган окуу жайдан жашыруун алып чыгып, өз максаттарында колдонуп турганы белгилүү болгон.

Боор ооруса, боорго тээп...

Баңгизатка байланып, арактан башы чыкпаган жаштар бирөөнүн унаасын айдап чыгып жол кырсыгына кабылат. Жолдо кетип баратып, окуяга күбө болгон айдоочу аларга жардам көрсөтүп, жараксыз болгон унааны үйүнө чейин сүйрөтүп келет. Достор аны үйгө чакырып коноктойт. Балдардын бири кол сунган жаранды өлтүрүп, жарабай калган унааны калыбына келтирүүнү сунуштаган. Шериктер мейманды бычактап, балта менен чапкылап тынчытып, короого көмүп салышкан. Андан соң унааны өз ара бөлүштүрүп, сатып жиберген. Алардын бул былыгы бир нече айдан кийин белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0