Казакстандык мас аскер Ысык-Көлдө таксистти уруп, унаасын айдай качкан. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиЫсык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун автоунаасын тартып алды деген шек менен казакстандык жаран кармалды
Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун автоунаасын тартып алды деген шек менен казакстандык жаран кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунааны тартып алган кишини издөө үчүн милиция атайын операция жарыялаган.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун автоунаасын тартып алды деген шек менен казакстандык жаран кармалды. Бул туурасында аталган аймактын милициясынан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области В Иссык-Кульской области задержан казахстанец по подозрению в угоне авто у местного жителя
Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун автоунаасын тартып алды деген шек менен казакстандык жаран кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун автоунаасын тартып алды деген шек менен казакстандык жаран кармалды
© Видео / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области В Иссык-Кульской области задержан казахстанец по подозрению в угоне авто у местного жителя
Автоунааны айдай качкандыгын мойнуна алып, мас болгондугун, ал абалда өзүнүн кылгандарына жооп бербей каларын айтты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Автоунааны айдай качкандыгын мойнуна алып, мас болгондугун, ал абалда өзүнүн кылгандарына жооп бербей каларын айтты.
1/2
Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургундун автоунаасын тартып алды деген шек менен казакстандык жаран кармалды
2/2
Автоунааны айдай качкандыгын мойнуна алып, мас болгондугун, ал абалда өзүнүн кылгандарына жооп бербей каларын айтты.

Бүгүн, 6-июлда, эртең менен тартип коргоо органдарына Бактуу-Долоноту айылынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиШектүү
Казакстандык мас аскер Ысык-Көлдө таксистти уруп, унаасын айдай качкан. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

"Ал таңкы 5.25тер чамасында ВАЗ-2104 ("Жигули") автокөлүгү менен Бактуу-Долонотудан чыгып, Кара-Ой айылына жүргүнчү жеткирип барган. Машинасындагы адам мас экен. Айтылган жерге жеткенде ал айдоочуну бетке бир уруп, машинасын айдап алып жок болгон", — деп билдиришти милициядан.

Логотип автомобильной марки Lexus японской корпорациии Toyota Motors - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: чак түштө Lexus 570 унаасын тартып кете жаздаган видео. Милициянын версиясы
Тартип коргоочулар аталган факты Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, аны кармоо боюнча атайын план жарыяланганын айтышты. Бир нече сааттан кийин шектүүнү айдай качкан автоунаа менен кошо кармашкан.

"К.С. аттуу шектүү казакстандык жаран болуп чыкты. Ал атайын даярдыктагы отряддын ардагери экен. Автоунааны айдай качкандыгын мойнуна алып, мас болгондугун, ал абалда өзүнүн кылгандарына жооп бербей каларын айтты", — деп билдиришти милициядан.

Материалдар Ысык-Көл облустук милициясынын Тергөө кызматына укуктук баа берүү үчүн тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0