Нигериялык жаранга кол салуунун себеби белгилүү болду

Жазылуу
Милициянын маалыматы боюнча, шектүүнүн соккусунан чет элдик жаран жыгылып, жерге кара кушу менен тийген.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Нигериялык жаран Али Абубакардын өлүмүнө себепкер болгон киши аны менен мурда тааныш болгон эмес. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, экөө тең бири-бирин мурда тааныган, көргөн эмес. 

"ЦУМдун чыга беришинен экөө кокусунан түртүшүп кеткен да, сөздөн сөз чыгып ал урушка айланган. Жигит чет элдикти уруп жибергенде ал кулап калган. Өзүн жоготуп ооруканага жеткирилген. Алар бири-бири менен мурда тааныш болгон эмес", — деди Сеитов.

Окуя 2-июль күнү Бишкекте болжол менен саат 16.00дө ЦУМдун жанынан болгон. Жабырлануучу реанимацияда комада жатып, бир күндөн кийин каза болду.

Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы кыргызстандык жигит кармалган.  

Маркум Бишкектеги Cambridge School мектебинин директорлугун аркалап, англис тилинен сабак берчү. Анын сөөгү Арча-Бешик айылындагы көрүстөнгө коюлары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0