Көкөмеренге түшүп кеткен үй-бүлө. Кырсык болгон жердин картасы

© Sputnik / Илона Хварцкия / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул менен Кызыл-Ой айылдарынын ортосунда болгон.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен сууга түшүп кетти делген жер кооптуу аймак болчу. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев билдирди.

Анын айтымында, кырсык Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул менен Кызыл-Ой айылдарынын ортосунда болгон.

"Ал жерди Эмил-Тоскок деп атап коюшат, жайдыр-кыштыр шагыл куюлуп, таш кулап турат. Кууш жол эле, бир тарабы тоо, экинчи тарабынан Көкөмерен суусу агат. Ал чоң суу, аябай шар агат, азыркы тапта унаа да табыла элек. Кырсык болгон жердеги жолдон эки унаа карама-каршы келип калса батпайт, бири-бирин күтүп кезектешип өткөрүшү керек. Асфальт төшөлгөн эмес, шагыл жол эле. Буга чейин да бул жерде эки-үч жолу ушундай кырсык болгон. Жолдун чекеси тосулган эмес. Эгер тосчу болсо шагыл, таш түшкөн убакта жол жабылып, тазалай албай калышат", — деди айыл өкмөт башчысы.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга кулап кеткендерди 93 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар издеп жатканын билдирди.

Абдылдаевди жана анын үй-бүлөсүн издөө боюнча түзүлгөн штаб ал 28-июнь күнү кечинде апасына эстелик тургузуу үчүн Ат-Башыга барганын, ал эми 30-июнда эртең менен Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине келе жатып кырсыктаганын айтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0