Тажикстандагы жер титирөөнүн эпкини Кыргызстанга да тийди

© AP Photo / Irwin FedriansyahЗилзала. Архив
Зилзала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 112 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышты карай 178 чакырым алыстыкта жайгашкан.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында 1-июлда эртең мененки саат 7:14тө очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. https://seismo.kg/ru/

Жер титиреп, көк тиреген үйдүн чатырындагы бассейндин суусу чачылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жер титиреп, көк тиреген үйдүн чатырындагы бассейндин суусу чачылды. Видео
Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, Кара-Тейит айылынан түштүк-батышты карай 29 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-чыгышты карай 112 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышты карай 178 чакырым алыстыкта болду.

Силкинүүнүн күчү Карамык, Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 3 баллды түзгөн.

30-июнда Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиреген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0