Казак кызы менен араб жигитинин сүрөтү чуу салып... Башаламандыктын чоо-жайы

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүДемонстранты. Архивное фото
Демонстранты. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тенгиз кыштагындагы 3GI заводунун миңдей жумушчусу нааразылык акциясына чыгышты.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Интернетке Казакстандын Атырау облусунун жумушчулары чет элдик адисти ур-токмокко алып жаткан видеосу тараганын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, Тенгиз кыштагындагы 3GI заводунун миңдей жумушчусу нааразылык акциясына чыгышкан. Ага чет элдик жигиттин соцтармакка жарыялаган сүрөтү себеп болгон. Анда араб жигит колуна рация кармап турат, ал эми анын антеннасы жигиттин артында турган казак кызынын ооз тушуна келип калган.

Жумушчулар бул сүрөт аларга катуу тийгенин айтып, чет элдик кызматкерлерди сабай башташкан.

Окуя болгон жерге энергетика боюнча биринчи вице-министр Махамбет Досмухамбетов, облус прокурору, Коопсуздук комитетинин облустук жетекчиси, Атырау облусунун акими чыгып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0