Жээкте туруп эле чөгүп кеткен. Ысык-Көлдө Ташкенттен келген турист каза тапты

Жазылуу
Турист аял тереңдиги 30 сантиметрдей сууга кулаган.

ЫСЫК-КӨЛ, 28-июн. — Sputnik. Ысык-Көлгө Ташкенттен учуп келген корей улутундагы аял жээктеги сууга кулап каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

"Аял жээкте туруп эле кулаптыр. Суунун тереңдиги болжол менен 30 сантиметрдей. Эс алып жаткандар аны сыртка чыгарып, өзүнө келтиришкен. Бирок бир саамдан кийин көз жумган. Учурда аялдын өлүмүнө жүрөк оорусу же спирт ичимдиги себеп болушу мүмкүндүгү айтылууда", — деди Иманалиев.

Кыргызстанда жыл башынан бери 40 киши сууга чөктү. ӨКМдин эскертүү видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жыл башынан бери 40 киши сууга чөктү. ӨКМдин эскертүү видеосу
Ал эми Облустун Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кырсык тууралуу маалымат саат 14:27де түшкөнүн билдирди.

"Өзбекстандан Ысык-Көлгө 10 күндүк эс алууга келген 69 жаштагы аял тайыз жерден көлгө чөккөн. Учурда соттук медициналык экспертиза дайындалды", — деди Усубакунов.

Учурда маркумдун сөөгүн Бишкекке жөнөтүү аракети көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0