Рысбек Акматбаев менен айыгыша тирешкен. Азиз Батукаев тууралуу 8 факты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүИсправительная колония в Приморском крае
Исправительная колония в Приморском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Азиз Батукаев көп чырдын себеби болуп жаткан чагы. Кримтөбөлдүн кылмыш ишинин жанданышы менен бир катар төбөсү көрүнгөн төбөлдөр суракка алынууда. Ал өзү ким жана эмне себептен абакка отурган деген суроолорго жоопту үстүртөн билгендер көп болсо керек.

Эске сала кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. Бирок оорусуна байланыштуу 9 жыл эрте бошотулган.

Арадан алты жыл өткөндө, тагыраагы, быйыл апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Ушундан кийин Азиз Батукаевди бошотууга тиешеси бар деп шектелген дарыгер, сот, аткаминерлер биринен сала бири кармалууда. Алардын айрымдары камакта болсо, кээ бири ден соолугу начарлап ооруканада.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги интернеттеги ачык булактарга таянуу менен Азиз Батукаев тууралуу маалыматтарды чогултту.

Агасы менен криминалга аралашкан

Эркек адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элесиң турат, өзүң жок... Табышмактуу Райымбек Матраимов тууралуу 5 факты
Азиз Алашевич Батукаев 1966-жылы 30-апрелде Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. Улуту чечен. Батукаевдердин үй-бүлөсүндө эркек бир туугандар көп болгону айтылат. Алардын экөө — Азиз менен Алаудин криминалдык иштерге аралашкан делип жүрөт. 

90-жылдары Азиз Батукаевдин дагы бир кылмыштуу топту башкарган Рыспек Акматбаев менен тиреши башталган деген маалыматтар бар. Экөөнүн максаты Чүйдө, деги эле Кыргызстанда таасирдүүлүгүн арттыруу болгон делет.

Абак деген аты эле болбосо...

Алгач Азиз Батукаев 1995-жылы опузалап акча талап кылуу боюнча беш жылга эркинен ажыратылат. Абактагы башка адамдардан айырмаланып, бир нече камераларга ээлик кылып, ичине керектүү оокат-кечелерди койдурганы интернетте жазылган. 1993-жылы Москвада кримтөбөлдөрдүн колдоосу менен "мыйзамдагы ууру" аталган. Батукаев абактан чыкканда тарапташтары аны музыканын коштоосунда чоң салтанат менен тосуп алышкан делип жүрөт.

Рыспек Акматбаев менен кандуу тиреши

 Генеральный прокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды
Азиз Батукаев эркиндикке 1999-жылы чыгат. Крим чөйрөдөгү таасирди арттыруу далалатынан улам Рыспек Акматбаев экөөнүн тиреши кайрадан башталат. Чыр-чатактан улам Батукаевдин өз агасы Алаудин менен жездеси Хаваджи Саурбеков каза тапса, Акматбаев тараптан жээни көз жумат. Ошондой эле тарапташтары, ишкерлер зыян тарткан. Бири-биринин жакын адамдарына кол салуу, атышуулар болуп турган. Эки кримтөбөлдүн тиреши 2006-жылы Рыспек Акматбаев каза тапкандан кийин токтогону айтылып келет.

Камактан буйтаткан дарты

Азиз Батукаев 2004-жылы Кыргызстанда курал-жарак жана баңгизатты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн төрт жылга эркинен ажыратылат. 2005-жылы ошол учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин мыйзамдуулук жана тартип коргоо комитетинин төрөгасы Тынычбек Акматбаев баштаган топ абактардагы кырдаал менен таанышуу сапарын башташат. Тынычбек кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин иниси болгон. Алгач топ Новопокровка айылында жайгашкан №3 түрмөсүнө, андан ары Азиз Батукаев жаткан Молдовановкадагы №31 түзөтүү колониясына барат.

Абактагылар менен сүйлөшүү учурунда белгисиз себептерден ортодо чыр чыгып, ок атылат. Натыйжада депутат Тынычбек Акматбаев жана анын жанындагы үч киши каза тапкан. Маалыматтарга караганда, депутатка беш жолу ок тийген.

Инисинин өлүмү үчүн Рыспек Акматбаев ошол учурдагы премьер-министр Феликс Куловдун отставкасын талап кылып, бир нече митинг уюштурганы маалым.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабалып, кулагы укпай калган Акыл. Ата-энеси шектүү жазаланбай жатканына нааразы
Азиз Батукаев Акматбаевдин өлүмүнүн алкагында баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга кесилип, мүлкү конфискацияланган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Эжеси 17 жылга кесилген

2017-жылы Челябинск облустук соту Яха Батукаеваны героин сактап жана аны сатканы үчүн 17 жылга эркинен ажыратканы тууралуу аймактын прокуратурасы билдирген. Андан бир жыл мурун Батукаева менен Кыргызстандын жараны Кабылжан Абдурахманов экөөнөн 28 килограмм героин табылганы айтылган.

Жубайлары

2013-жылы абактан бошогондон кийин 22-сентябрда Грозныйда 18 жаштагы чечен кызга үйлөндү деген маалымат тарап, коомчулуктун талкуусуна алынат. Биринчи жубайы Светаны дагы Грозныйга алып кеткен дешет. Батукаев эки аялы менен тең расмий никеге турбаганы, буга анын "ишмердүүлүгү" себеп болгону айтылып жүрөт.

"Манас" аэропортунда жүрөт деп...

2016-жылы Социалдык тармакта криминалдык төбөл Азиз Батукаевге окшош кишинин "Манас" аэропортунун аймагынан тартылган сүрөтү жарыяланып, талкууга алынган.

Бирок ИИМ Азиз Батукаев Кыргызстандын аймагында жок экенин, сүрөт анын архивинде болушу мүмкүн экендигин билдиришкен.

Жанданган кылмыш көптү бушайманга салды

Алты жылдан кийин Батукаевдин кайра жанданган иши бир топтордун камалышына шарт түздү. Алардын айрымдары камакта, үй камагында, кээ бири ден соолугу начарлап ооруканада жатат.

Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Чуусу көп Матраимовдор. Бир туугандардын таржымакалы жана мал-мүлкү
Алгач эле Батукаевден рак таап чыккан балдар онкологу Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, №47 түзөтүү колониясынын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархад Атаходжаев кармалды. Андан кийин Саламаттык сактоо министрлигинин дарыгери Канат Байтемиров, ЖАМКтын медициналык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асанов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, Нарын шаарынын мурдагы судьясы Жапар Эрматов, 2013-жылы башкы прокурор болуп турган Аида Салянова жана ошол кездеги ЖАМКтын башчысы, азыркы депутат Зарылбек Рысалиев колго түшүрүлгөн. Рысалиев азыр ооруканада.

Батукаевдин иши керек болсо мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин да макамын ажыратууга шарт түзгөн себептердин бири болду. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун берген корутундусуна ылайык, Батукаев Атамбаевдин жеке буйругу менен абактан бошотулуп, өлкө аймагынан чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0