17:04 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Суу. Архив

Караколдо үч жаштагы бала сууга агып кетти

© Sputnik / Денис Абрамов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
368 0 0

Наристе сууга аккан учур буга чейин да болгон.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Каракол шаарынын Кирпичный кичи районунан үч жаштагы эркек бала сууга агып чарчап калды. Маалыматты ӨКМ тастыктады.

Жергиликтүү кабарчынын айтымында, наристе Кирпичный кичи районундагы көпүрөдөн сууга түшүп кеткен. Сөөгү Ак-Суу районуна караштуу Жолголот айылынан табылган.

Кырсык тууралуу ӨКМге кабарланып, куткаруучулар келгиче баланын сөөгүн туугандары таап алышкан.

Район тургундарынын айтымында, суунун четин тосууга жергиликтүү бийликтен жардам сураган жашоочулардын өтүнүчү каралган эмес. Бала аккан учур буга чейин да болгон.

Шаар жетекчиси Адыл Каниметов маалымат жыйында аталган жер боюнча кайрылуу түшпөгөнүн билдирип, эми жерине барып көйгөйдү чече турганын айтты.

"Маалыматты жаңы алдым. Тилекке каршы, жаман иш болуп кетти. Ата-энелер да карашы керек эле. Окуя болгон жерге барып маселени чечүү жолдорун караштырам", — деди мэр.

Ушу тапта кырсык болгон жерде ӨКМ кызматкерлери иштеп жатат.

Тема боюнча

Кыргызстанда жыл башынан бери 40 киши сууга чөктү. ӨКМдин эскертүү видеосу
Белгилер:
мэр, ӨКМ, бала, Суу, Ак-Суу, Каракол

ЭҢ МААНИЛҮҮ