Башкы прокурор сөзүнөн жаңылып, Атахановду Батукаев менен алмаштырып алды

© Фото / Пресс-служба ЖК / Ашыркул Оморов Генеральный прокурор КР Откурбек Жамшитов
 Генеральный прокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу маселесин карап жатат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу маселеси каралып жаткан маалда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов "Мурунку өлкө башчысына каршы кримтөбөл Азиз Батукаев көрсөтмө берген" дегени жаңылыш экенин айтты.

Кийин депутат Карамат Орозованын суроосуна жооп берип жатып, "Шамил Атахановдун ордуна Азиз Батукаевди айтып алганын" билдирген.

Эскерте кетсек, ушу тапта депутаттар Жамшитовдун докладын угуп бүтүп, суроо-жоопко өтүштү.

Sputnik Кыргызстан жыйынды түз алып берүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0