Батукаевден "рак" тапкан дарыгер үй камагына чыгарылганы айтылды

Жазылуу
Аны май айында "гипертониялык криз" диагнозу менен №1 тергөө абагынан №47 түзөтүү колониясына которушкан.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевге "лейкоз" диагнозун койгон онколог Эмилбек Макимбетовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Маалыматка караганда, аны май айында "гипертониялык криз" диагнозу менен №1 тергөө абагынан №47 түзөтүү колониясына которушкан. Макимбетовду эмне себептен үй камагына чыгарышканы белгисиз. Ага тергөө менен кызматташуу сунушталганы айтылды.

Батукаевдин иши

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2006-жылы Аламүдүн райондук соту тарабынан мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде "оор дартынан" улам мөөнөтүнөн эрте бошонуп, Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.

Скандал в тюрьме Гуантанамо - Sputnik Кыргызстан
Батукаев "ала жаткан" аткаминерлер. Дарыгерден министрге чейин
ИИМдин маалыматы боюнча, Батукаев ушу тапта "курал-жарак сактаган" деп айыпталып Чечен Республикасында абакта отурат.

Кылмышкердин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш жанданганын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттарга отчет берип жатып айткан. Анын алкагында ошол кезде Батукаевге диагноз койгон дарыгерлер, тийиштүү ведомстволорду жетектеген экс-кызматкерлер кармалып, айрымдары камакка алынган.

Бир аз мурда ошол кезде ички иштер министри болуп турган Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин иши боюнча сурак берип жатып, Алмазбек Атамбаев президент кезинде кримтөбөлдү бошотууга тапшырма бергенин айтканын билдирген

Жаңылыктар түрмөгү
0