Салянованын инисинин өлүмү: ИИМ саясий өңүт болушу мүмкүндүгүн айтты

CC0 / 4711018 / Аресты в КР
Аресты в  КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин кылмышка шектелген үч киши кармалган.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ички иштер министрлиги экс-башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун киши колдуу болушу боюнча иште саясий өңүт болушу мүмкүндүгүн болжолдоодо.

"Соттук процесстердин жүрүшүндө Улан Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт болушу мүмкүн деген божомол каралып жатат", — дешти ИИМден.

Ведомство негизги шектүү Асанэмир Абыкуловдун Россиядан алып келинген видеосун жарыялады. Буга чейин 33 жаштагы Эрмек Осмонкулов менен 31 жаштагы Заур Насруллаев кармалган.

Улан Салянов 2018-жылдын 6-ноябрында киши колдуу болгон. Белгисиз адамдар үйүнө кирип барып атып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0