Сууга кулап кеткен кыздын видеосу боюнча милиция жооп берди

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүУ водопада Кивач
У водопада Кивач - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодогу окуя 2017-жылы болгон.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстандын интернет айдыңында көнүгүүлөрдү жасап жатып сууга кулап кеткен кыздын видеосу талкууланып жатат.

​Соцтармактын колдонуучулары Бишкектин четиндеги "Теплые ключи" эс алуу жайында 23-июнда болгон трагедиянын видеосу деп айтышууда.

Кыргызстанда жыл башынан бери 40 киши сууга чөктү. ӨКМдин эскертүү видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жыл башынан бери 40 киши сууга чөктү. ӨКМдин эскертүү видеосу
Ал күнү 15 жаштагы окуучу кыз Арашан суусуна түшүп кеткен. Кийин 9-класстын окуучулары класс жетекчиси жана бир нече ата-эне болуп эс алууга барышканы маалым болгон. Эки кыз суунун жанынан сүрөткө түшмөк болуп, бирок бири тайгаланып сууга кулап кеткен.

ӨКМдин кызматкерлери, ата-энеси жана туугандары кызды түнү менен издешкен. 24-июнь күнү түштөн кийин анын сөөгү табылган.

Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгы интернетте тарап жаткан видео Чүйдө тартылбаганын жана 23-июндагы окуя менен байланышы жоктугун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маалымдашты.

Видеону Twitter тармагынын Chisamariee аттуу колдонуучусу 2017-жылдын 17-майында жүктөгөн. Профилдеги маалыматка караганда, ал Лос-Анджелесте (АКШ) жашайт.

​YouTube каналынын Roads L аттуу колдонуучусу болсо видеону 2017-жылдын 5-декабрында жүктөгөн. "Мэри Чиза камераны күйгүзүп, көнүгүүлөрдү жасап кирген. Бирок бир маалда сууга кулаган. Бактыга жараша, окуя кайгылуу аяктаган жок. Антпесе бул видеону көрбөй калмакпыз...", — деп жазган ал.

Мындан сырткары, кадрдан америкалык кыз сууга күндүз кулаганын көрүүгө болот. Ал эми «Теплые ключидеги» окуя кечке жуук болгон.

Чүй облустук милициясы 15 жаштагы кыздын өлүмү боюнча сотко чейинки териштирүү ишин баштады. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0